Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

05.10.2022 12:04
1146
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады


Жогорку Кенештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы Азизбек Турсунбаев ардактуу кесиптин ээлери - мугалимдери жана тарбиячыларды кесиптик майрамы менен куттуктады.


Төмөндө эл өкүлүнүн куттуктоо текстин беребиз: 


"Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар жана педагогикалык кесиптин ардагерлери!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдердин эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.


Бул майрам биздин мугалимдерге терең ыраазычылыгыбызды билдирүүнүн, алардын үлгүсү менен бизди боорукер, калыстык, адамгерчиликтүү болууга үйрөткөн алгачкы насаатчыларыбызды эскерүү үчүн эң сонун учур.


Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар!


Сиздер ар бирибиздин жашообуздагы маанилүү орунду ээлеген асыл адамдарсыздар. Сиздердин талбаган эмгегиңиздердин натыйжасында бала керектүү билимди гана албастан, боорукердикке, достукка бекем болууга, максатка умтулууга үйрөнөт, негизги жашоону, руханий баалуулуктарды тааныйт.


Жаңы заман жаңы талаптарды коет. Бүгүнкү күндө ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, заманга ылайыктуу долбоорлорду иштеп чыгуу маселелери өзгөчө курч болуп турганда, билим берүү системасынын мындан аркы өнүгүшүнөн көп нерсе көз каранды. 


Балдарыбызды билимдүү, эмгекчил, жогорку профессионал кылып тарбиялай албасак, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бардык залкар долбоорлору долбоор боюнча кагаз бетинде калат. Сиздердин кесиптик чеберчилигиңиздер, жүрөгүңүздөрдүн жылуулугу жана руханий сезимталдыгыңыздар балдардын өзүнө болгон ишенимин бекемдеп, келечекте тайманбас жана заманбап зор идеяларды ишке ашырууга жардам берет.


Урматтуу мугалимдер! 


Сиздер өзүңүздөрдүн ак ниетиңиздер, талыкпаган эмгегиңиздер жана тынымсыз чыгармачылык изденүүңүздөр менен эртеңки күндүн пайдубалын түптөп жатасыздар. Кесибиңиздерге берилгендигиңиздер жана балдарыбызга болгон камкордугуңуздар үчүн башыбызды ийип таазим кылабыз!


Бул ардактуу кесиптин бардык өкүлдөрүнө ден соолук, бакыт-таалай, түгөнгүс энергия жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн