Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу

23.02.2023 15:06
477
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу


Урматтуу мекендештер!


Ардактуу ардагерлер, мекен сакчылары!

 

Сиздерди 23-февраль –  Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм!


"Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деп бекеринен айтылбаса керек. Ар бир кыргыз жигитинин көөдөнүндө мекенчилдик, Ата-Журтка болгон сүйүү сыяктуу өзгөчө патриоттуулук сезимдер жашайт. Анткени тарыхыбызды карай турган болсок, мекенди көздүн карегиндей сактоо үчүн эчендеген эрдиктерди жасаган баатырларыбыз арбын. Биз алардын эрдиктеринен дем, күч-кубат алып, аларга таазим этебиз.


Мына ушундай салтанаттуу күндө ар бириңиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.


Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болуп, гүлдөп өсө берсин.


Мекенибиздин бүтүндүгүн, чек арасын көздүн карегиндей сактаган мекен сакчыларыбыз аман болсун!

 

Урматтоо менен Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн