Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов «Жылдын шылууну» аталды (видео)

14.11.2023 13:49
588
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов «Жылдын шылууну» аталды (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдүн үлүшчүлөрүн алдагандан улам “Жылдын шылууну” атала баштады. Бул үйдүн үлүшчүлөрү Жусуповдун жана депутаттын жакындарына тиешелүү делген «Эмаком» компаниясынын аракеттерине даттанышкан.


Үлүшчүлөрдүн билдирүүсүнө караганда, "Эмаком" үйдүн курулушун 2019-жылы бүтүрүүгө убада берип, алардан акча чогулткан. Бирок, азыркы күнгө чейин убадалар аткарылбай, үй бүтпөй келүүдө. Анын үстүнө бул үйдү мамлекет бузуп салуу коркунучу бар, ал эми үлүшчүлөр салган акчалар кайтарыла элек.


Белгилей кетсек, мындан бир ай мурун Эмил Жусупов Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов менен биргеликте үлүшчүлөргө үйдүн курулушун бүтүрөбүз деп убада беришкен, бирок бул убадалар да куру сөз болуп чыккан.


Кырдаал үлүшчүлөрдүн жана жалпы коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, маселени чечүү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча мындан аркы кадамдар жасалаары күтүлүүдө.



Булак: kabarlar.org

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн