Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:18
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажыратылды (фото)

06.07.2023 16:35
917
Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажыратылды (фото)


Бүгүң, 6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаиловду («Ата Журт Кыргызстан» партиясы) жана Фарход Алимжановду мандатынан ажыратты.


Мындай чечим Билим берүү министрлигинен депутаттын жасалма диплому тууралуу маалыматынын негизинде кабыл алынган.



КУУнун маалыматы боюнча, министрдин биринчи орун басары Усековдун айтымында, Исмаилов университетке кабыл алынган эмес. "Архивдик документтердин жана 2006-жылдагы студенттердин өздүк курамы боюнча буйруктардын негизинде «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча Исмаилов Ф.Д. тизмеде жок жана диплом берилген эмес", - деп айтылат КУУ ректорунун маалыматында.



"Комиссия 2016-жылдын 25-августундагы Алимжановдун наамына берилген диплом үчүнчү жана төртүнчү семестрдин экзамендерин одоно бузуу менен берилген деген бүтүмгө келип, Ф.Алимжановго берилген дипломду жокко чыгарууну сунуштайт. АУПКРдин диплому (магистратура) кайра алынып салынсын. Комиссия ошондой эле одоно мыйзам бузууларга жол берген окуу жайдын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуштады", - деп билидрди Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн