12-мартта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташуу боюнча эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-мартта Д.А. аттуу жаран милицияга ага көптөп кол салган жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу башынан жаракат алып, баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюлган.
Аталган факты боюнча 34 жана 35 жаштагы П.Э. жана А.Д. аттуу жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы окуяга катыштыгы бар бардык жарандардын юридикалык жактан жоопко тартылышы боюнча тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн