Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазды

14.02.2024 14:02
320
Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазды


Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Боронбаев эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз. БШК анын арызын карай элек.

Мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев парламенттеги бийликчил “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайланып, депутаттык мандатты 2022-жылы алган. Боршайкомдун жыйынында Боронбаевдин соттуулугу жок экени айтылган.

Белгилей кетсек, Абдывахаб Боронбаев 1996-жылдан 2020-жылга чейин Бажы кызматында ар кайсы кызматтарда иштеген. Кезинде Түштүк-Батыш бажысынын жетектеген.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде Боронбаев күнөөлүү деп табылып, бюджетке 8 млн. сом төккөнү маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн