Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда бектишти. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, жабыркаган мектептерди оңдоону тездетүүнү убада кылды. «Сиздин сыныңыз биздин ишибизди бекемдейт. Баардык заказдарыңызды аткарууга аракет кылабыз. Бул бюджетти чогуу аткарабыз», - деди ал.
Мыйзам долбоорлору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов берди.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүүнү жана бюджеттик процессти натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 2023-жылга бюджеттин параметрлерине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги фактор бюджеттин киреше бөлүгүнүн өзгөрүшү жана жаңы социалдык-маанилүү чыгаша демилгелерин кабыл алуу болду. 2023-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү экинчи окууга карата 352 млрд 807 млн 894 миң сом суммасында сунушталууда. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 361 млрд 795 млн 602 миң сом суммасында, ал эми тартыштык 8 млрд 987 млн 708 миң сом суммасында болжолдонууда.
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамдын долбоорунда 2024-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378,4 млрд сом суммасында каралары белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 367,5 млрд сом деңгээлинде белгиленген. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн