Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин депутаттары АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

29.06.2023 14:00
274
Жогорку Кеңештин депутаттары АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту


Бүгүн, 29-июнда Улугбек Ормонов баштаган Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын депутаттары Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Алгач фракция лидери Улугбек Ормонов Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар парламенттер аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Анын ичинен тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш алып баруу маселелерин көтөрдү.

Өз кезегинде, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында тийиштүү иштерди жүргүзөрүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн