Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 00:31
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Жогорку Кеңештин депутаттары БШК төрайымынын 2023-жыл үчүн баяндамасын укту

24.10.2024 16:19
39
Жогорку Кеңештин депутаттары БШК төрайымынын 2023-жыл үчүн баяндамасын укту


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө” Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын 2023-жыл үчүн баяндамасы угулду.

Бул багытта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.

Анын маалыматында 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын, 14 жергиликтүү кеңештерге жана Саруу айылдык кеңешине жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоолор өткөн. Шайлоо өнөктүгүндө тышкы жана ички миграцияны эске алуу менен электрондук добуш берүү пилоттук негизде жүргүзүлгөн. Ошондой эле БШКнын төрайымы былтыркы жылы Жогорку Кеңештин 8 депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун белгилеп, алар түрдүү себептерден улам болгонун белгиледи. Муну менен катар Нуржан Шайлдабекова алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана бул өнөктүктө колдонулуучу жаңы ыкмалар боюнча айтып берди.

Талкуу учурунда депутат Улугбек Ормонов Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында шайлоо участкаларын түзүүдөгү кемчиликтер боюнча айтып, бул багыттагы кайрылууларга БШК жана аймактагы координатолор эч кандай чара көргөн жок деп билдирди. Депутат Бакытбек Марипов талапкерлерди текшерүү, кош жарандуулугун аныктоо механизмдерине токтолду. Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев добуш берүүдө шайлоочулардын жигердүү катышуусун камсыз кылуу максатында иш алып баруу маселесин белгиледи. Эл өкүлү Жалолидин Нурбаев добуш берүү имараттарын даярдоо, шайлоодо колдонулуучу жаңы техникаларды тактады. Ал эми депутат Алтынбек Кылычбаев чет жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын шайлоого болгон укуктарын камсыздоо маселесине көңүл бурду.

Электрондук добуш берүү механизмдерин тактаган депутат Дастан Бекешов майыптыгы бар адамдардын ага катышуусун камсыздоо жана бюллетендерди ыңгайлаштыруу маселелерине токтолду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн