Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңештин депутаттары Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды

06.05.2024 18:04
229
Жогорку Кеңештин депутаттары Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды


Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Бейтапкананын башкы дарыгери Акылбек Маманов балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Дарыгер белгилегендей, учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага которула баштайт.

Депутаттар дарылануудагы бардык балдардын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жетиштүүлүгүнө жана дарыгерлердин тынымсыз кароосуна көңүл бурушту.

Мындан тышкары, жабыркаган балдардын жакындары менен баарлашкан эл өкүлдөрү аларга колдоо сөздөрүн айтып, балдардын жакшы дарыланып, батырак сакайып кетүүсүн каалашты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен 10 бала Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алынып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн