Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык каникулга тарап кетишти

30.06.2022 22:02
502
Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык каникулга тарап кетишти


VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады.

Төрага Талант Мамытов 43 пленардык жыйын, эки кезексиз отурум өткөрүлүп, 41 мыйзам, 276 токтом долбоору кабыл алынганын айтты.

“Июль-август айларында шайлоочулар менен жолугушуу пландалган. Анда көйгөйлөр менен жеринен таанышып, эл менен бирге талкуулап, кийинки сессияга маанилүү маселелерди алып келесиздер деп ишенем”, — деген төрага.

Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргызстандын мамлекеттик гимни аткарылды.

Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июль айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Ал эми экинчи сессия үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында ачылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн