Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жогорку Кеңештин депутаттары студенттерге жеңилдетилген кредит берүүнү сунуштады

04.06.2024 11:39
136
Жогорку Кеңештин депутаттары студенттерге жеңилдетилген кредит берүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаттары студенттерге жеңилдетилген кредит берүүнү сунуштады. Мындай мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.


"Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү депутаттар Аида Исатбек кызы, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев демилгелеген.


Мыйзам долбоорунун негиздемесинде ЖОЖдо окуу кымбат болгондуктан көптөр үчүн окуунун бюджеттик формасына өтүү билим алуунун бирден-бир жолу болуп, бирок ага орундар чектелүү экени жазылган. Ал эми насыя алуу кымбат (комерциялык банктарда 22ден 29 пайызга чейин) экени айтылган. 


Мындан улам студенттерге жеңилдетилген кредит берүү нормасы киргизилүүдө. Каражат кредит алуучунун окуусуна, жашоосуна, тамак-ашына, адабияттарды сатып алуусуна керектелери белгиленген. Өзгөчөлүгү — насыянын негизги суммасы окууну бүткөндөн кийин төлөнүшү зарыл.


Депутаттар бул кредиттин шартын, өлчөмү жана тартибин министрлер кабинети аныктаарын кошумчалашкан.


Сунушталган мыйзам долбоору төмөнкүдөй өзгөрүүлөргө алып келери болжолдонгон:

- мамлекет жарандардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана жакшыртат;

- билим берүү кредитинин негизги суммасын төлөөнү кийинкиге калтыруу жарандар үчүн финансылык стрессти жана карыздык оорчулукту жеңилдетет;

- мектеп бүтүрүүчүлөрүн жеткиликтүү жогорку билим менен камсыздоого, ишке жөндөмдүү жана потенциалдуу таланттуу жумушчу күчүн сактап калууга жана тышкы миграциянын темпин кыскартууга мүмкүндүк берет;

- өз жарандарынын жогорку билим алуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү менен мамлекет өлкөдөгү адамдык потенциалды бекемдейт.


Жеңилдетилген насыя алуучулар жогорку же орто билимден кийинки билим ала алышат жана алардын карыз боюнча жүгү жеңилдейт:

- калктын аялуу катмары күнүмдүк керектөөлөрдү канааттандыруудан баш тартпастан жогорку билим ала алышат;

- студенттерди кабыл алууда жогорку билим берүүнүн мааниси жогорулайт, бул аларга сапаттуу билим алууга жана билим берүү процессине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого түрткү берет;

кредит алуучулар үчүн жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим алууга жеңилдетилген кредиттерди берүү узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат, бул келечекте алардын жашоо шартын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн