Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылуу аземи болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарды жаңы сессиянын башталышы менен куттуктады.
Депутатар эртеңден тарта парламенттин тармактык комитеттеринде иш алып барышмакчы.
Белгилей кетсек, Конституциянын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн