Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өлүм жазасы киргизилсин. Жогорку Кеңештин депутаттары зордук-зомбулукка каршы катуу чара көрүүнү сунуштады

07.09.2022 10:50
495
Өлүм жазасы киргизилсин. Жогорку Кеңештин депутаттары зордук-зомбулукка каршы катуу чара көрүүнү сунуштады

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кадамжайда болгон резонанстуу окуялар боюнча пикирин билдирди.


Депутат Тазабек Икрамов зөөкүрлөргө карата катуу чара көрүү боюнча Министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.


Ал эми Марлен Маматалиев: "Биз демилгелеген мыйзам долбооруна жакында президент кол койду.

Мыйзамда педофилдерге катуу жаза колдонуу, өмүр бою эркинен ажыратуу маселеси каралган. Бул мыйзамдын аткарылышы боюнча Министрлер кабинетинин тиешелүү адамдары келип отчет берсин",- деди.


Ошондой эле Динара Ашимова өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулук "кызыл чекитке" жеткенин билдирди.


Мындан сырткары, Кадамжай шайлоо округунан шайланган депутат Ырысбек Атажанов педофилдерге өлүм жазасын киргизүү сунушун берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн