Айрым партиялар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Алгач жалпы 44 партия катталган болчу.
БШКнын чечими менен катталбай турган партиялар:
- 1. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
- 2. «Демократ»
- 3. «Кыргызстандын коммунисттер партиясы»
Белгиленген мөөнөттө шайлоо фондунун эсеби ачылбагандыктан «Жаратман Эл» партиясындагы талапкерлерди каттоодон БШК баш тартты. 18-августта БШКнын дарегине шайлоого катышуудан баш тарткан партиялардан билдирүү түшкөн.
Алар:
- 1. «Эмгек»
- 2. «Бирик»
- 3. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы»
- 4. «Бийлик элге»
- Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн