Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4-октябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук
байкоочулар катары «Жалпы иш» коомдук фондунан Асылбеков Таалайбек Спартакович,
Бобушев Сейт Рысбекович жана Аалиев Тариэль Муратбекович, ал эми Рахматова
Ракия Кадырбековна «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен
катталды.
Катталган коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн