Жогорку билими тууралуу дипломдун жоктугуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Бишкек шаардык сотуна кайрылды.
Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапкан административдик соттун чечимине каршы чыгууда. Арызды кароо күнү азырынча айтыла элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн