Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:43
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жогорку Кеңештин фракция лидерлери атайын кайрылуу жолдошту

19.03.2020 15:00
765
Жогорку Кеңештин фракция лидерлери атайын кайрылуу жолдошту


Жогорку Кеңештин фракция лидерлери кайрылуу жасап, коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө байланыштуу сунуш-пикирлери менен бөлүшүштү.


"Бир Бол" парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул оору жалпы адамзат башына түшкөн кыйынчылык экенин белгилеп: "Бүгүн бири-бирибизди сындай турган учур эмес. Тескерисинче колдой турган мезгил. Адамзат башына түшкөн оор кылдаалды ынтымак менен жеңишибиз керек. Ал үчүн көрүлүп жаткан чараларды эки багытта кароо зарыл. Биринчи саламаттыкты сактоо багытында, экинчисин илдеттен улам жабыркаган экономиканы көтөрүү жаатында. Медицина кызматкерлеринин айлык-маянасын жогорулатуу менен эл аралык тажрыйбаны эске алышыбыз шарт. Ишкерчилик токтоду, насыяларды төлөө оорлоду. Мындан бюджеттин көлөмү төмөндөйт. Андыктан, ишкерлердин насыяларын жабууда жана өлкөнүн тышкы карызын төлөөдө каникул сурашыбыз абзел”, – деди.


Ал эми КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул тилсиз жоодон сакталып калуу кепилдиги эч кимге берилген эмес экенин белгилеп:


Ар бирибиз ооруга каршы күрөшүүнү өзүбүздөн баштап, белгиленген тартипти сактай турган болсок, ооруну жеңебиз. Ал эми өкмөт калкты дүрбөлөңсүз тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоону жигердүү улантышы керек. Ошондой эле учурдан пайдаланып, чайкоочулукка баргандарга жол бербешибиз зарыл”, – деди. 


Мындан тышкары, Иса Өмүркулов атайын эсеп ачуу менен каржылык колдоону күчөтүү зарылчылыгын билдирип, депутаттар өздөрү өнөктүктү баштап беришерин кошумчалады.


Ушундай эле пикирди айткан “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов да өкмөт Улуттук жана коммерциялык банктар менен сүйлөшүп, ишкерлерди колдоо багытында тиешелүү иштерди жүргүзүшү зарыл экенине да токтолду.


Каатчылыкка каршы атайын программа иштеп чыгып, социалдык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо маанилүү”, – деди Жыргалбек Турускулов.


Андан соң сөз сүйлөгөн “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков учурдагы олуттуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын ичинен Казакстан менен Россиянын чек арасында турган мекендештерибизге дипломатиялык бардык жол-жоболордун негизинде Кыргызстанга кайтаруу жагын чечүү керектигин билдирди. Муну менен катар фракция лидери кырдаал менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге кошумча сый акы берүү жагын караштырууну Өкмөттөн өтүндү.


Мындан сырткары, кайрылуу жасаган “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова Өкмөт менен парламент эриш-аркак иштешүү керектигине токтолуп, шайлоону жана башка ушундай көп адамдардын катышуусунда өткөн иш-чараларды жылдыра туруу маселесин көтөрдү. Ошондой эле камкордукка муктаж калктын аялуу катмарын ушул учурда колдоо зарылчылыгын кошумчалады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн