Бүгүн, 8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исмаилов Фархат жана "Альянс" фракциясынын депутаты Алимжанов Фарходбектин дипломдорунун жасалмалуулугу тууралуу маалымат берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү органдар менен биргеликте депутаттардын диплом карап чыгып, тиешелүү чара көрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн