Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КР Эмгек кодексинин долбоору жана «КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова белгилегендей, мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.
Анын ичинде, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү, Кыргызстанда мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу, жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө, дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө бар.
Комитет төрайымы Винера Раимбачаева аталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлгөнүн эске салып, келип түшкөн сунуштарга токтолду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн