Кулжа 26, 2024
Убакыт: 23:26
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Жогорку Кеңештин комитети КР Жер кодексинин долбоорун I окууда жактырды

18.06.2024 13:46
142
Жогорку Кеңештин комитети КР Жер кодексинин долбоорун I окууда жактырды


Бүгүн, 18-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет КР Жер кодексинин долбоорун жана «КР Жер кодексин колдонууга киргизүү жана КР айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин эске алуу менен биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Кубат Касеинов мыйзам долбоорлору боюнча маалымат берди.

Жер кодексинин долбоору жер мыйзамдарынын ченемдерин сактоого жана ишке ашырууга бирдиктүү мамилени түзүүгө багытталган, анткени долбоордун концепциясы "Жер тармагы чөйрөсүндөгү бир мыйзам жана жер укуктук мамилелеринин бардык процесстерин жөнгө салуучу бир мыйзам алдындагы акт" принциби болуп саналат. "КР Жер кодексин колдонууга киргизүү жана КР айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" мыйзам долбоору жерге катышуучулардын катталган укуктарын мамлекеттик коргоону камсыз кылуу жана жерди пайдалануучулардын абалын жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастанбек Жумабеков жер мыйзамдарындагы сунушталган нормалар жаатында бир катар маселелерди белгилеп, жерлерди трансформациялоо тартибине, өнөр жай зоналары жана жайыт комитеттеринин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Депутат Гуля Кожокулова колдонуудагы кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн пайызы тууралуу маселени көтөрүп, өзгөртүүлөр 50% дан ашкан учурда жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгарын белгиледи. Ал Жер кодексинин бул долбоору менен жоюуну сунуш кылган укуктук коллизиялар тууралуу суроолорду белгиледи.

Депутат Мейкинбек Абдалиев асылдуулугу төмөн, деградацияланган жайыттарды өздөштүрүү маселесин көтөрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн