Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жогорку Кеңештин комитети пара алуу боюнча айыпталган БШКнын мүчөсүн кызматтан кетирүүнү колдоду

25.05.2023 15:25
261
Жогорку Кеңештин комитети пара алуу боюнча айыпталган БШКнын мүчөсүн кызматтан кетирүүнү колдоду



Бүгүн, 25-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү үчүн көрсөтүлгөн судьянын талапкерлиги тууралуу маселе каралды.


Аталган кызмат ордуна Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматовдун талапкерлиги сунушталды.


Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Болотбек Акматовдун өмүр таржымалына көңүл буруп, 1989-жылы улук тергөөчүнүн жардамчысы кызмат ордунан кетүү жагдайлары тууралуу сөз кылып: "Бул кээ бир шектенүүлөрдү жаратат", - деген эл өкүлү талапкердин дисциплинардык жазаларына да токтолду.


Талкуунун жыйынтыгында Комитет Болотбек Акматовдун талапкерлигин четке кагуу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алды.


Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе каралып, колдоо тапты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн