Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча маалыматты угууда. Жыйын алгач ачык өтө турганы айтылган менен жыйындар залына кирүүчүлөрдүн телефон, камералары алынган.
Кийинчерээк жыйынды Жогорку Кеңештин YouTube каналы түз эфирде чагылдырган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалыматта сыр бар экенин билдирип, түз эфирди өчүрттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн