Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалыгына кимдер сунушталды?

12.01.2022 17:33
651
Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалыгына кимдер сунушталды?

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин структурасын жана вице-спикерлерди тандады.


Түштөн кийин Жогорку Кеңештин фракциялары 8 тармактык комитеттердин төрагалыгына өздөрүнүн талапкерлерин сунуштады.


Сунушталган талапкерлер:


- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине — Жанар Акаев, Тазабек Икрамов;


- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине — Азиз Турсунбаев;


- Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине — Медер Алиев;


- Каржы, экономика, фискалдык саясат комитетине — Данияр Төлөнов;


- Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетине — Динара Ашимова;


- Укук тартиби, кылмыштылуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү — Сүйүнбек Өмүрзаков;


- Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине — Бакыт Сыдыков;


- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине — Балбак Түлөбаев, Аманкан Кенжебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн