Бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Ага 83 депутат катышууда, мындан тышкары 8 депутаттын ишеним каты бар.
Жыйында көпчүлүк коалиция өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитип берди.
Буга чейин депутаттар парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип беришкен. Кийинчерээк кээ бир эл өкүлдөрү жыйында кворум болбогондугун жана премьер-министрдин бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн