Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу Баткенге барып, чек арага байланыштуу маселелерди жеринен көрүп келди

31.01.2022 18:14
938
Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу Баткенге барып, чек арага байланыштуу маселелерди жеринен көрүп келди

"Элдик" депутаттык тобунун мүчөлөрү Баткен районундагы чек ара менен чектешкен айылдарга иш сапары менен барып келди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү, депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Нурлан Ражабалиев, Жалалидин Нурбаев, Нурланбек Азыгалиев жана Чынгыз Ажибаев 2022-жылдын 28-30-январында Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш, Орто-Боз, Актатыр жана Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугуп, жеринде кабар алышты. Бул айылдар коңшу Тажикстан менен болгон чек ара жаңжалында жабыркаган негизги айылдар. Жергиликтүү тургундар чек арага жакын жайгашкан айылдардын негизги көйгөйлөрүн тизмектеп, тез арада чечүүнү талап кылышты. Айтылган маселелердин катарында:


- Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолунун курулушун жандандыруу жана Тажикстанга чектеш аймактарды айланып өтүүчү жолдордун абалын жакшыртуу;


- Чек арага чектеш айылдарда ичүүчү таза суу жана сугат суу маселесин чечүү;


- Актатыр айылына оорукана куруу. Анткени, чек ара жаңжалы учурунда жаракат алгандарды облустун борборундагы ооруканага жеткирүүдө кыйынчылык жаралган. Ал эми үч айыл өкмөттө 29 500 тургун жашайт;


- Чек арага жакын жайгашкан айылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүн ачуу жана өрт өчүрүүчү унаалар менен камсыздоо;


- Өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү калкты коопсуз жайга көчүрүүгө транспорт жана күйүүчү каражаттар менен камсыздоо маселесин алдын ала чечүү;


- Чек арага жакын жайгашкан айылдарда турак-жайларын сатып, көчүп кетүүгө аракет кылган жарандар бар. Ал тенденцияны токтотуу багытында мамлекеттик деңгээлде жумуш алып баруу;


- Чек арага чектеш жайгашкан айылдардагы жарандардын турак-жайларын документтештирүү маселесин тездетүү;


- 2021-жылы чек ара жаңжалында жапа чеккен үй-бүлөлөргө компенсация төлөө маселесин чечүүнү ыкчамдатуу;


- Чек арага жакын жайгашкан айылдарда курулуп жаткан мектептердин курулушун тездетүү жана зарыл болгон айылдарга мектеп, спорт зал, кичи футбол аянттарын куруу.


Жолугушууда “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү айтылган маселелер боюнча чек арага чектеш жайгашкан айылдардын тургундары менен тыгыз байланышта болуп, көйгөйлөрдү чечүүгө болгон күч аракеттерин жумшай тургандыктарын билдиришти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн