Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 14:13
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жогорку Кеңештин структурасын 7 комитеттен түзүү сунушталды

30.12.2021 09:08
708
Жогорку Кеңештин структурасын 7 комитеттен түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен 29-декабрда түзүлгөн комиссия 7 профилдик комитет түзүүнү сунуштады.


Жогорку Кеңештин комиссиясы төмөнкү комитеттерди түзүүнү сунуштаганы айтылууда:


- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;


- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;


- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;


- Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;


- Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;


- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;


- Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.


Бүгүн, 30-декабрда парламент депутаттары комиссиянын бул сунушун карайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн