Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин төрагасы БУУнун өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту

19.02.2021 17:43
657
Жогорку Кеңештин төрагасы  БУУнун өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азиядагы качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту.


 Жолугушууда тараптар качкындардын, башпаанек издеген адамдардын укугун коргоо жана келечекте жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу маселелери боюнча өз ара кызматташтыкты арттыруу тууралуу баарлашты.


 Кыргызстан качкындарга байланышкан көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурарын айткан Талант Мамытов өлкө өзүнө алган эл аралык милдеттемелерди жигердүү аткарып келе жатканын белгиледи.


 Өз кезегинде БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдар экендигин кошумчалады.


 Муну менен катар тараптар качкындардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында башпаанек издеген адамдардын коопсуздугун камсыздоонун жана укугун коргоонун маанилүүлүгүнө токтолушту. Андан сырткары жолугушууда аталган категориядагы адамдардын Кыргызстандын аймагындагы укуктарынын жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын сакталышы үчүн биргелешкен иш-чараларды улантуу мерчемделди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн