Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:37
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн билдирди

13.01.2025 14:38
338
Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн билдирди


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.


Төрага бул анын көптөн берки кыялы экенин белгиледи.


"Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм", — деди төрага.


Эске салсак, фамилия алууда кеңири тандоо укугун берген мыйзам долбоору ЖКнын биринчи окуусунда жактырылган. Документте төмөнкүдөй варианттар сунушталат, мисалы, Бакытбеков Үсөн Жакшылыкович болсо, анда:

- Бакытбек Үсөн же Бакытбек Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)

- Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)

- Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылыктын (кааласа) деп өзгөртүүгө жол берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн