Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Дастанбек Жумабеков: Биздин иштердин жыйынтыктарына тарых өз баасын берет

04.06.2020 10:08
1034
Дастанбек Жумабеков: Биздин иштердин жыйынтыктарына тарых өз баасын берет

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 4-июндагы жыйынында жалпы депутаттарды Кыргызстандагы парламентаризм күнү менен куттуктады.

 

Өлкөдөгү парламентаризмдин калыптанышына 80 жылдан ашып калганын белгилеген төрага, ошол убактан бери 4-июнда бул күн белгиленип келе жатканын айтты.

 

Төрага 82 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, эгемендүүлүктүн кабыл алынышына жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бир топ депутаттардын эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.


Ошону менен катар ал 6-чакырылыштагы өзүнүн кесиптеш депутаттардын 5 жылдык иш тажрыйбасында жакшы иштерди аткарып, социалдык, экономикалык жактан, коррупцияга күрөшүү жагынан жана башка иштердин аткарылышы боюнча мыкты мыйзамдарды кабыл алып бергенин белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.


Биздин иштердин жыйынтыктарына тарых өз баасын берет. Кемчиликтер көп айтыды, бирок ийгиликтер да болду. Мен сиздердин ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм”, - деген куттуктоосун айтты төрага.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн