Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы дайындалган акыйкатчыга документ иштерин мамлекеттик тилде жүргүзүүнү тапшырды

22.05.2023 16:55
476
Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы дайындалган акыйкатчыга документ иштерин мамлекеттик тилде жүргүзүүнү тапшырды

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы шайланган акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, өлкөдөгү адам укугун, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо Акыйкатчы институтунун ролу жогору экенин белгилеген Төрага: “Акыркы жылдары бул мекеменин ишине карата түрдүү пикирлер айтылып, ар кандай баа берилип келет. Анткени, сизге жана кесиптештериңизге зор милдеттер жүктөлгөн. Тажрыйбалуу адис катары бардык ишти талаптагыдай аткарып, мекеменин аброюн арттырасыз деген ишеничтемин”, – деди.


Муну менен катар Нурланбек Шакиев адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатындагы маселелерге токтолуп, чет өлкөдөгү мекендештердин мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү көтөрдү.


"Ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, тыкыр иликтениши керек. Өзгөчө кайсы тилде кайрылуу келсе, ошол тилде так, ыкчам жооп берүүгө жана документ иштерин мамлекеттик тилде жүргүзүүгө басым жасагыла", – деди төрага.


Өз кезегинде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева институттун ишин илгерилетүүгө багытталган иш-пландары менен бөлүшүп, алдыда жасала турган реформалар тууралуу сөз кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн