Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин структурасын бекитти.
Буга чейин депутаттык комиссия сунуштаган 8 комитет түзүү демилгесине 72 депутат "макул" 4 депутат "каршы" добушун берди.
Комитеттердин тизмеси:
▪️Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети
▪️Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети
▪️Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети
▪️Финансы-экономикалык саясат комитети
▪️Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети
▪️Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети
▪️Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети
▪️Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети
VI чакырылыштын депутаттары эки вице-спикер жана тогуз тармактык комитет менен иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн