Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жогорку Кеңештин жаңы аппарат жетекчиси төрагага ким болот?

26.03.2020 20:01
896
Жогорку Кеңештин жаңы аппарат жетекчиси төрагага ким болот?


Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалганы тууралуу бүгүн, 26-мартта басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда буга чейин аталган кызматты аркалап келген Саматбек Ибраев 2020-жылдын 23-мартынан тарта өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган. 


Талас облусунун кулуну Алмазбек Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенип келген. Бирок былтыр коомчулукта талкуу жараткан окуядан соң кызматтан алынган. Анда Жумабековдун колу коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонгон катага толгон кат коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган. 


Бирок кеңешчиликке жарабай кызматтан алынган Сабырбеков кантип Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп калганы көпчүлүктү таң калтырып турганда анын Төрага Дастан Жумабековдун жакын тууганы экени айтыла баштады. Айрым маалыматтар боюнча Дастан Жумабековдун жээни болсо, айрым маалыматтар боюнча анын күйөө баласы болот.


Бул маалыматты тактоо үчүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына байланышууга аракет кылып бирок майнап чыккан жок.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн