Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн британиялык компания менен меморандумга кол коюлду

02.03.2023 09:13
244
Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн британиялык компания менен меморандумга кол коюлду

Энергетика министрлиги менен британиялык MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments компаниясынын ортосунда Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.


Меморандумдун максаты Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат. Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө 4 гидроэлектр станциясын (Акбулун, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 237.7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942.4 млн кВтч.


Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, калктын саны өскөн сайын электр энергиясын колдонгондордун саны күндөн-күнгө өсүп баратат. Буга байланыштуу Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюунун бир бөлүгү болуп саналат.


Меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот. Эгерде тараптар меморандумга ылайык милдеттерди аткарбаса, көрсөтүлгөн датада автоматтык түрдө күчүн токтотот.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн