Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 00:16
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Жогорку Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин күчүндө калтырды

30.08.2024 11:39
416
Жогорку Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин күчүндө калтырды


Жогорку Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу басылмада маалымдалды.


16-июлда КР Жогорку сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы чечим кабыл алган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун фондду жоюу боюнча чечими өзгөртүүсүз калтырылган.


Kloop'тун негиздөөчүсү Ринат Тухватшин Жогорку Соттун чечимин «күтүлгөн» деп атады. Ал белгилегендей, соттун чечимине карабастан, басылма ишин уланта берет.


Эске сала кетсек, 2023-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманнапов Kloop Media коомдук фондун жоюу боюнча сотко кайрылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн