Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жогорку Сот ЖК депутаты Алимжановду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды

26.01.2024 14:21
246
Жогорку Сот ЖК депутаты Алимжановду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды


Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановду мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.


2023-жылдын апрель айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети дипломдордун аныктыгын текшерүү иштеринин алкагында Жогорку Кеңештин эки депутатынын жогорку билими тууралуу документтери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берген. Булар депутаттар Фархат Исмаилов («Ата Журт» фракциясы) жана Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы).


Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы аларды депутаттык мандатынан ажыраткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул болбогон депутаттар сотко арыз менен кайрылышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн