Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Замирбек Базарбеков менен Нурлан Мусаевден депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кармалышынын канчалык мыйзамдуу экенин сурады.
"Депутат кылмыш ишинин фактысы менен кармалса, туура эле болот",- деди Базарбеков.
"Кылмыш иши жок эле кармап кетүү туурабы?",- деди Нышанов.
"Кылмыш иши менен кармалбаса, депутаттарды кармоо мыйзамсыз болуп эсептелет",- деди Базарбеков.
Пикирлер (3)