Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жогорку Соттун төрагасына Азербайжандын мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды

25.02.2023 11:13
183
Жогорку Соттун төрагасына Азербайжандын мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго Азербайжандын мамлекеттик сыйлыгы – Азербайжан Жогорку сотунун 100 жылдыгы медалы тапшырылды.


КР Жогорку сотунан билдиришкендей, медалды Азербайжан Жогорку сотунун төрагасы Рамиз Рзаев тапшырды.


Рамиз Рзаев Замирбек Базарбековго медалды ыйгарып жатып, эки өлкөнүн сот системасынын байланыштарын бекемдөөгө кошуп жаткан салымын белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга кызыкдар экендигин айтты.


Белгилей кетүүчү жагдай, Замирбек Базарбековго жогоруда аталган медаль Азербайжандын Жогорку сотунун 100 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференциянын алкагында берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн