Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Соттун төрайымы Калиевага карата тергөө иштери башталды

04.02.2021 12:30
1268
Жогорку Соттун төрайымы Калиевага карата тергөө иштери башталды

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага жана Свердлов райондук сотунун экс-төрагасы И.Ж.Бга   кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.


УКМКнын маалыматына таянсак, Калиева райондук соттун мурдагы төрагасынын жараяндардын бириндеги мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырган деп шек саналууда. Атайын кызмат судьянын аты-жөнүн жазган эмес.


Бул боюнча Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон кылмыш ишин УКМКнын Антикоррупциялык кызматы 3-февралда сотко чейинки өндүрүшкө алды.


Эске салсак, Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына жөнөткөн.


Буга чейин  УКМК Калиева коррупцияга байланыштуу шек саналып жатканын билдирген. Аны жазага тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама берүү жөнүндө Башкы прокуратурага өтүнүч келтирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн