Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку кызматка орноштурууга убада берген. Финансы министрлигинин кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

03.03.2023 14:05
250
Жогорку кызматка орноштурууга убада берген. Финансы министрлигинин кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды

КР УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.


Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн