Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде туңгуч президент Аскар Акаевдин лекциясы окулбай турган болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.
Маалым болгондой, университеттин ректору Мирлан Чыныбаев Акаевдин лекциясын өткөрбөө боюнча чечим чыгарган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган университеттин студенттери Аскар Акаевдин лекциясына каршы экенин билдиришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн