Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагын, ал эми жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) аскер кафедрасын кайтаруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы штабдын жетекчиси Эрлик Тердикбаев билдирди.
Ал маалымдагандай, Коргоо министрлиги ЖОЖдорго 2016-жылы жоюлуп кеткен аскер кафедрасын кайтарууну пландоодо. Бүгүнкү күндө мындай кафедра бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн