Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жогорку окуу жайларды реформалоо пландалууда

08.06.2021 16:55
1183
Жогорку окуу жайларды реформалоо пландалууда

Жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү трансформациялоо жана мыйзамдык актыларды кайра карап чыгуунун алкагында Кыргызстандагы университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.


Буга чейин министрлик ЖОЖдордогу билим берүүнү "Университет 4.0" моделине трансформациялоо программасын даярдаган. Анын максаты — рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу.


"Бул программаны ишке ашырууда университеттерди негизги эки түргө бөлүү пландалууда. Биринчиси билим берет, изилдөө жүргүзөт, иновациялар менен алектенет, экинчиси эмгек рыногуна кадрларды даярдайт. Кыргызстанда изилдөөчү компоненттери көп ири университеттер бар, ошол эле учурда мыкты программист, электрик сыяктуу адистерди даярдаган ЖОЖдор иш алып барууда", — деди Өмүров.
Ошондой эле ал бардык университеттерге бирдей талап коюу туура эмес кадам болорун белгилеген.

Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн