Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:04
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жогорку окуу жайларга тапшыруу автоматташтырылат

19.02.2020 10:05
977
Жогорку окуу жайларга тапшыруу автоматташтырылат


2020-2021-жылкы окуу жылында жогорку окуу жайларга тапшыруу автоматташтырылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Анын айтымында, аталган долбоордун ишке кириши алыскы аймактардагы абитуриенттер үчүн өзгөчө ыңгайлуу болот.


«Бүгүнкү күндө студенттер үч күн ичинде окуу жайды тандап, ар бирөөнө барып, талонун ташташ керек. Ошондой эле анын жообун күтүү керектелет. Биз 2020-жылы аны автоматташтырууну көздөп жатабыз. Ишке ашып калса, анда окуучулар онлайн режимде талондорун университеттерге таштап, жыйынтыктарын да онлайн түрдө көрө алышат», - дейт министрдин орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн