Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы аныкталды

15.07.2020 11:47
1488
Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы аныкталды


Быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. 


Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди (медицина жана формация адистиктеринен башкасы).


Бул чечим “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиялардагы кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынды.

 

Келишимдик негизде билим алуучулар үчүн босого баллдын 105 деп белгилениши - жогорку билим алууга далаалаттанган бүтүрүүчүлөрдүн өз эсебинен окуусуна жол ачат, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик окуу жайларды колдоо болуп саналат. Ошондой эле кабыл алуудагы тоскоолдуктарды алып салат жана абитуриенттерге мүмкүнчүлүктөрдү берет, - деп белгилейт министрликтин басма сөз кызматы.

 

Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүрөт. Билим берүү жана илим министрлиги бул үчүн https://2020.edu.gov.kg/ системасын иштеп чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн