Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жогорку сот Аида Салянованын ишин кайра кароого жөнөттү

23.03.2021 21:49
558
Жогорку сот Аида Салянованын ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мурдагы баш прокурор Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды. Бул тууралуу Салянова «Азаттыкка» билдирген.


Анын айтымында, Жогорку Соттун чечимине ылайык иш эми Ленин райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.


Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.


Буга чейин Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан. Дал ушул ишти башкы сот 23-мартта карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн