Бугу 11, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жогорку сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчисин актады

04.12.2023 16:23
251
Жогорку сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчисин актады


Жогорку Соттун 2023-жылдын 4-декабрындагы чечими менен Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 3-бөлүгү, 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн толугу менен акталган. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Ошондой эле, Жогорку Соттун 2023-жылдын 8-августундагы чечими менен 41-берененин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн Ысык-Көл облусу боюнча медициналык билим берүү борборунун мурдагы директору Бейшекан Жайлымышева толук акталган. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык иш алып барып, азыр кызматына калыбына келтирилди, деп кошумчалады ал.


Белгилей кетсек, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы аны пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн