Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку сот БШКнын Мамытов тууралуу арызын кароодон баш тартты

02.11.2021 17:11
907
Жогорку сот БШКнын Мамытов тууралуу арызын кароодон баш тартты

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Талант Мамытовдун талапкерлиги тууралуу берген арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт.


Административдик-процессуалдык кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кассациялык даттанууну берген адам тарабынан кол коюлат. Өкүл тарабынан берилген даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш.


Юридикалык жактан юридикалык жетекчисинин колу, ошол юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат.


Иштин материалдарына караганда БШКнын датттануусу 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде өкүл М. Кутбердиев тарабынан кол коюлган.


Бирок административдик-процессуалдык кодекстин 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн талабы сакталбастан, кассациялык даттанууга талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелгендиктен, анын ишенимдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес жана ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынууга жатпайт.


Аталаган кодекстин 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгерде даттануу ушул кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүмүн бузуу менен берилсе, кассациялык даттануу кассациялык инстанциядагы сот тарабынан даттанууну берген адамга кайтарылып берилет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн