Бугу 10, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку сот Россияда атайын операцияга катышкан жаранга чыккан өкүмдү жокко чыгарды

30.08.2023 17:16
244
Жогорку сот Россияда атайын операцияга катышкан жаранга чыккан өкүмдү жокко чыгарды


Жогорку сот Россиянын Украинадагы атайын операциясына катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулуна чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды.


Буга чейин ал 10 жылга эркинен ажыратылган болчу. Жогорку сот өткөн жумада төмөнкү инстанцияларда чыгарылган эки өкүмдү карап баштаган. Ал эми бүгүн Биринчи май райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, кайра башынан кароого жөнөттү.


Анын иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кайроого жөнөтүлдү.


Адвокат Акын Авазбеков иш райондук сотто башка берене менен каралып, Кубанычбек уулуна пробациялык көзөмөл дайындалышы мүмкүндүгүн билдирди, анткени ал жалданма аскер катары катышкан эмес.


Аскар Кубанычбек уулу 2023-жылдын январь айында атасынын ооруп калганын угуп Кыргызстанга келгенде атайын операцияга катышкан деп камакка алынган. Сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Россиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген.


Кыргызстандык Россиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн. РФ ТИМи буга дароо реакция кылып, маселе каралып жатканын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн