Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:39
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Жогорку сотто биринчи жолу жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

21.10.2024 10:28
176
Жогорку сотто биринчи жолу жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти


Бүгүн Жогорку сотто биринчи жолу жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Президент өлкөнүн жергиликтүү сотторунун судьяларын биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жарлыктарын чыгарып, судьялар төмөнкү жергиликтүү сотторго жиберилди:

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Досматова Мээрим Нурмаматовна, Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотуна — Абдыганыев Найзабек Жунусбекович, Талас облусунун Манас райондук сотуна — Эргешов Акжол Алакбарович, Нарын облустук сотуна — Кетиренов Бактыбек Кыдырмышевич жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна — Самиев Замирбек Байышович дайындалды.

Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Нурлан Мусаев дайындалган судьяларды куттуктап, жогорку статуска ээ болуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү боюнча талыкпай иштөөнүн маанилүүлүгүн айтып, алар берген антына бекем болууга

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргызстандын шайланган же дайындалган судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу алар ант берген күндөн тартып башталарын белгилейбиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн